"Карыз албагыла". Акча топтоонун эң жөнөкөй сегиз эрежеси

"Акча чогулта албайм", "айлыгымдын баарын коротуп салам", "акчаны үнөмдөй албай жатам", "кандай эле адамдар акча чогултушат?" Мындай сөздөр көпчүлүккө тааныш болсо керек. Көпчүлүк адамдар финансылык сабаттуулуктан аксап келишерин, бирок аны үйрөнүүгө аракет кылышарын угуп калабыз. Мындан улам акча топтоодогу эрежелер тууралуу Пайдалуу кеңештер түрмөгүндө сөз кылууну туура көрдүк.

Аны Улуттук банктын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мусуралиев айтып берет.

"Алгач максаттарды туура аныктап алуу зарыл"

– «Ашкана бөлмөсүн ремонттоп алсак жакшы болор эле». Бул максат эмес, болгону убагы келгенде аткарыла турган үмүт-тилек гана. Бул үчүн сарпталуучу акча суммасын так эсептеп, ал боюнча аткаруу мөөнөтү да алгылыктуу болгон максаттарды аныктоо зарыл. Мисалы, «ашканада 2024-жылдын 1-декабрына чейин 37 миң сомго ремонт иштерин жүргүзүү зарыл» дегендей. Ушунун өзү алдыга койгон максат болуп саналат. Кыска мөөнөт аралыгында, орто мөөнөт ичинде аткарылуучу жана узак мөөнөткө каралган максаттарды да белгилөөгө болот. Эң башкысы алар аткарууга боло тургандай, айкын бир максатты көздөөгө тийиш.

Албетте, алдыга койгон максатыңды дароо эле аткарып, бүткөрүп коюуга кызыкдар болосуң. Мындай шартта колуңа кагаз, калем сап алып, максаттарды тизмектеп жазуу талап кылынат. Ошентип, максатка жетишүүнүн алгачкы кадамын жасаган болосуздар.

"Чыгашаларды катуу көзөмөлгө алуу керек"

– Эгерде тигил же бул максатка канча каражат жумшаларын билген болсоңуз, чыгашаны жазуу зарыл. Буга анчалык деле көп убакыт кетпейт. Бардык чыгашаларды өзүнчө дептерге же Excel программасына жазыш абзел. Канча акча эмнеге жумшалганынын так билген соң андан аркы иш багытын пландаштыруу алда канча оңойго турат.

Бюджетти пландаштыруу

– Кайсы максатка канча акча кетерин аныктап алган соң үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууга өтүү зарыл. Бюджетти пландаштыруу - бул алдыга койгон максаттардын аткарылышына өбөлгө түзөт.

Пландаштыруу ойдо жок жерден эле анчалык зарыл болбогон бир нерсени сатып алуулардан качууга жана акчаны терең ойлонуштуруп сарптоого түрткү берет.

"Ар бир максатка өз-өзүнчө акча топтоо зарыл"

– Ар бир үй-бүлөдө улам акча салып туруу үчүн каралган капчык (копилка) болууга тийиш. Ай сайын миң сомдон салып турганда да жыл акырына карата 12 миң сом топтолуп калат. Демек, бул кошумча карыз алуудан куткарат. Адам баласы алдыга карай үмүт артып жашап келет эмеспи... Ар бир максат кылган үмүт-тилекке өз-өзүнчө караштырып, акча топтоо, ойлогон ой-максаттын орундалышына, жашоо шартты алда канча жакшыртууга өбөлгө түзөт.

"Турмуштук ар кандай жагдайлар үчүн акча топтоо шарт"

– Адам баласынын жашоо турмушунда күтүүсүз, болжолдоого болбой турган жагдайлар келип чыгышы да ыктымал. Ошондуктан бардык ушундай жагдайларды, эс алууга, көптөн бери тилек кылып келген нерсеңизди сатып алууга акырындап акча чогултууга үйрөнүү керек.

Демек, ар бир үй-бүлө түшкөн кирешеден жок дегенде 10 пайызын үнөмдөп калтырып, ойлогон ой-максатына жетүүнүн пайдубалын түптөөгө тийиш.

"Жеке керектөөлөр үчүн каражат караштырып, акча топтоого жетишүү абзел"

– Жалпы бюджет – бул эң жакшы алгылыктуу ыкма. Бирок, анда эске алынбаган жагдайлар да бар. Мисалы, күтүүсүз сюрприз жасоо же дүкөндө жактырып калган сумканы сатып ала албайсың. Анткени топтогон жалпы акчадан анчалык зарыл болбогон нерселерди сатып алууга чыгымдоо үй-бүлөдө түшүнбөстүккө алып келиши ыктымал. Демек, бардык жагдайлар үчүн өз-өзүнчө акча топтоо менен гана бардык маселени чечип алууга болот.

"Майрамдык белектерге чыгашаларды алдын ала пландаштыруу зарыл"

– Ооба, буларды да сөзсүз эске алуу зарыл. Кандай майрамдар бар экендиги, кимдерге белек тартуулоо керектиги бардыгынга алдын ала маалым. Ошондуктан үй-бүлө булар тууралуу алдын ала макулдашып, бюджетке жараша жана анын чегинде каражат караштырып коюусу зарыл.

"Карыз албаганга аракет кылыңыз"

– Бул көйгөй ар бирибиз үчүн көкөй кести маселе болушу керек. Үй-бүлө бюджетин туура түзүү тажрыйбасы жок, акча жетишпей, кысталыш учурда карыз суроого мажбур болосуң. Ошондой болсо да керексиз же орунсуз чыгашаларды мүмкүн болушунча кыскартып, карыз албай жашоого аракет кылууга болот. Орун алган карыздарды толук жаап, кайталап карыз албоого аракет кылып, бюджетти толуктоонун башка бир мыйзамдуу жолдорун издеп, ашкере сарптоолорго жол бербөөгө үйрөнүү абзел.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан