"Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе өзүнүн жаңы командасында канчанчы номур менен ойноорун чечти.
Спорт журналисти Фабрицио Романо жазгандай, футболчу Мадридде 9-номур менен ойнойт. Мбаппе "Реал Мадридден" келерки сезондо 10-номурду берүүнү суранбаганы белгиленген. Килиан кийинки сезонго келишимин узарткан жарым коргоочу жана клубдун легендасы Лука Модричти сыйлайт.
Футболчунун "Реал" менен келишими 2029-жылга чейин түзүлдү. Мбаппе буга чейин Франциянын ПСЖ клубунда ойногон. Өткөн сезондо франциялык чабуулчу команда үчүн 48 беттеш өткөрүп, 44 гол киргизип, 10 жолу голдук пас берген.
Белгилүү Transfermarkt интернет-порталы франциялык чабуулчуну 180 миллион еврого баалады.