Кытай Газа боюнча эл аралык конференция өткөрүүгө чакырды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Израил менен Хамас террордук кыймылынын ортосундагы согушту токтотуу үчүн өлкөлөрдүн масштабдуу тынчтык жыйынын өткөрүүгө чакырды. «Жакынкы Чыгыш - өнүгүүнүн зор перспективалары бар өлкө, бирок ал жакта дагы деле согуш уланууда", - деп айтты Кытайдын лидери Пекинде араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүсүндө.

Анын айтымында, Кытай 1967-жылдагы чек араларда толук эгемендүүлүккө ээ болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүн чечкиндүү түрдө колдойт. Анын борбору Чыгыш Иерусалим болгон, Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө катары киришин жана кеңири, авторитеттүү, эффективдүү эл аралык тынчтык конференциясына катышуусун колдойт.

Си Цзиньпинден кийин сөз сүйлөгөн Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси эл аралык коомчулукту Израилдин Газа тилкесинде Хамаска каршы согушун токтотууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан