Алтын-Ордо конушунун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 14-көчөнүн 1-көчөсүнөн 9-көчөсүнө чейин жолду жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, ирригациялык системаны орнотуу менен автотранспортчулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу иштери жүрүүдө.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жамааты бардык жер жумуштарын бүтүрүп, тротуарга асфальт төшөө иштерин баштады.
Белгилей кетсек, 2023-жылы жолго бир катмар асфальт төшөлүп, унаа кыймылы үчүн ачык бойдон калган.