Ош облусунун аймагындагы социалдык курулуштар текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Ага ылайык, курулуштарды текшерүү учурунда Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан пайдаланылып жаткан курулуш материалдарына лабораториялык сыноо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле мекеме тарабынан мындан ары курулуш материалдарын пайдаланууда, сапатына дыкат көңүл бурулары айтылды.