Түркияда аскердик учак кулап, эки учкуч набыт болду

Түркияда аба күчтөрүнө таандык SF-260D машыктыруучу учак кулап, эки учкуч каза болгон. Маалыматты аталган өлкөнүн коргоо министри X (мурдагы Twitter) социалдык баракчасында билдиргендигин эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, кырсык учак Кайсери шаарындагы авиабазадан машыгуу үчүн учуп чыккандан кийин катталган. Учактын кыйрашынын себептери азырынча белгисиз экенин министрлик белгилеп, издөө-куткаруу иштери башталгандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, SF-260D италиялык жеңил учак, ал машыгуу үчүн ойлоп табылган. Аны өндүрүү 1960-жылдан баштап 2017-жылга чейин уланган. Түркияда SF-260D учагы лицензиянын негизинде чогултулган.

Түркиядагы кулаган учак
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан