Кыргызстанда түрк тилдүү мамлекеттердин жасалма интеллект боюнча саммити өтөт

9-10-октябрь күндөрү Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жасалма интеллектиси боюнча саммити болуп өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара президент Садыр Жапаровдун Астанада болуп өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун 10-саммитине катышуусунан улам бекитилген иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

"Алдыда боло турган саммитте жасалма интеллекттин актуалдуу маселелерин талкуулоо, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү жана инновацияларды стимулдаштыруу жана бул жаатта прогресске көмөктөшүү үчүн катышуучулардын кызматташуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн ачык аянтча түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, атайын уюштурулган көргөзмөдө өнөктөштөрдүн долбоорлорун жана санариптик компаниялардын акыркы иштеп чыгууларын көрсөтөт.

Саммит төмөнкү маселелердин спектрин камтыйт:

- жасалма интеллектин жана киберкоопсуздуктун келечеги;

- маалыматтарга негизделген чечим кабыл алуу үчүн жасалма интеллектти киргизүү;

- G-Cloud технологияларын оптималдаштыруу;

- ата мекендик жасалма интеллектисин жаратуу;

- жасалма интеллектти жөнгө салуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан