"Мигранттар төрт айда 14 миңден ашуун кылмыш жасаган". Орусия мигранттарга көзөмөлдү күчөтүүнү улантат

Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин миграциялык агымдарга көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн айтып, кол алдындагыларга чет элдиктер көп чогулган жерлерде рейд жүргүзүүнү улантууну тапшырды. Бул тууралуу миграция чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам кеңешмеден кийин Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы миграциялык агымдарга көзөмөлдү күчөтүүнүн жана бул чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуунун, атап айтканда, мигранттардын болушу жана кетиши үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигин, ошондой эле чет элдик жумушчу күчүн квоталоо механизмин оптималдаштыруунун маанилүүлүгү айтылды.

"Бастрыкин ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды аныктоо максатында жарандар көп чогулган жерлерде, анын ичинде соода түйүндөрүндө, курулуш аянтчаларында, этникалык кафелерде, спорт клубдарында жана жатаканаларында атайын рейддерди өткөрүү практикасын улантууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 4 айында мигранттар 14 миң 70 кылмыш жасаган. Чет элдик жарандардын катышуусунда жасалган зордуктоолордун саны 40 пайызга, ал эми оор кылмыш жасагандардын саны 13 пайызга өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан