Биз социалдык тармакта

5-июнга карата аба ырайы

5-июнга караган түнү Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30

Баткен аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүзгү +28…+30 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан