Швейцария Палестинаны мамлекет катары таануудан баш тартты

Парламенттин сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, швейцариялык депутаттардын басымдуу көпчүлүгү Палестинанын мамлекеттүүлүгүн таануу сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Улуттук кеңеш (парламенттин чоң палатасы) Палестинаны суверендүү мамлекет катары таануудан баш тартты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта өлкөнүн тышкы иштер министри Игнацио Кассис да буга каршы чыкканы, анткени "убакыт келе элек" жана мамлекетти таануу парламенттин компетенциясына кирбейт деп кошумчаланды.

Буга чейин БУУнун атайын баяндамачылары бардык мамлекеттерди Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн Палестинаны мамлекет катары таанууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан