Биз социалдык тармакта

Несвиж шаарында өткөн ЕӨАКтин жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Несвиж шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 2 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №3 буйругун ишке ашыруу жөнүндө;

- Евразия экономикалык комиссиясынын 2023-жылга трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө жылдык отчету жөнүндө;

- 2023-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоого мониторинг жүргүзүү жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан