Германияда селден каза болгондордун саны бешке жетти

Германиянын түштүгүндөгү суу ташкынынан улам кеминде беш киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта суу каптаган үйлөрдүн жер төлөсүнөн үч адамдын сөөгү табылганы жана бир куткаруучу да каза болгону кабарланган.

Мындан сырткары Баварияда чөгүп бараткан унаадан аялдын сөөгүн алып чыгышкан.

Бавария жана Баден-Вюртемберг федералдык штаттарындагы суу ташкынына нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон.

"Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдердин айтымында, федеративдик штатта кырдаал курч бойдон калууда. Бир катар калктуу конуштарда эвакуация жарыяланып, темир жол байланышы үзгүлтүккө учурады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан