Европанын дагы бир өлкөсү Палестинаны мамлекет катары тааныды

Кечээ, 4-июнда Словения парламенти Палестинанын көз карандысыздыгын тааныды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, башкаруучу коалициядан келген 53 депутаттын 52си Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын таанууну жактап чыгып сүйлөдү. Жыйынга оппозиция өкүлдөрү катышкан жок.

Словения Палестинаны тааныган БУУнун 147-мамлекети жана Евробиримдиктин онунчу өлкөсү болду.

Добуш берүүнүн алдында бир катар процедуралык маселелер узакка талкууланып, оппозициялык маанайдагы депутаттар процессти кечеңдетүүгө аракет кылышты.

Майдын аягында Словения өкмөтү Палестина мамлекетин таануу сунушун колдоп, парламенттен бул чечимди бекитүүнү суранган.

Май айынын башында Палестина мамлекетин Испания, Ирландия жана Норвегия расмий түрдө тааныган. Бул кадам Израилдин кескин сынына кабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан