Мексика менен чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөргө АКШда убактылуу башпаанек берүүгө тыюу салынды. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалымдалгандай, 4-июнда Ак үйдүн сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, көрүлгөн чаралар Америкада мыйзамсыз жүргөндөрдү өлкөдөн чыгарууну жеңилдетет. Президенттик администрация бул убактылуу чара экендигин кошумчалаган.
“Бул чектөө түштүк чек арада келгиндердин саны көбөйүп, учурдагыдай абал киргенде гана колдонулат. Мындай чара мигранттардын саны азайып, иммиграциялык операциялар эффективдүү жүргүзүлө баштаганда токтотулат”, - деп билдирген маалыматта.
Ошондой эле башпаанек бербөө чечими кичинекей балдарга жана анын ата-энелерине, адам сатуунун курмандыгы болгон жарандарга, мындан тышкары дарылануу үчүн бара жаткандарга колдонулбасы айтылат.