6-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу алдында расмий иш сапары менен Түркияга барат. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, иш сапардын программасында Анкарада эки мамлекеттин лидерлеринин төрагалыгы алдында "Стратегиялык кызматташтык" кеңешинин үчүнчү жыйынын өткөрүү каралган.
“Саммиттин күн тартибинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн өзбек-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери бар. Анын алкагында эки тараптуу келишимдерге да кол коюлат”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Мирзиёев эки өлкөнүн алдыңкы өндүрүш компанияларынын жетекчилери менен жолугары кошумчаланды.