Түркиянын белгилүү "Даңазалуу доор" ("Великолепный век") түрк сериалында Шайестенин ролу менен таанылган Фатма Каранфиль Стамбулдагы жеке ооруканалардын биринде рак оорусунан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал 72 жашта болчу. 1960-жылдары актёрлук кесипти баштаган Каранфиль бир нече тасманын жылдызы жана алып баруучу болгон.
Ага 1990-жылдардын аягында эмчек рагы деген диагноз коюлган. Ооруну жеңген Фатма 2001-жылы кайра шоу-бизнеске кайтып келген.
Фатма Каранфиль популярдуу телесериалга катышуусунун аркасында атактуулукка ээ болгон. Ал бир нече жолу Түркияда "Мыкты актриса" наамын алган.