Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев менен БУУнун Кыргызстандагы Улуттук кеңсесинин жетекчиси Елена Гусева сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу институттан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында кызматташуунун конкреттүү чаралары талкууланган. Анда тараптар качкындардын, башпаанек издегендердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында Акыйкатчы институту менен өлкөдөгү БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы жакынкы келечектеги биргелешкен иш-чаралар боюнча документке кол коюшкан.
Жоробаев БУУнун Кыргызстандагы Улуттук өкүлчүлүгүнүн жетекчисине өлкөдө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген. Мындан тышкары Жоробаев Акыйкатчы институту башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону такай көзөмөлдөп турарын айткан.
Ал эми Елена Гусева качкындардын жана башпаанек издегендердин укуктарын, эркиндиктерин коргоо эки уюмдун кызыкчылыктарына дал келерин баса белгиледи.