Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн мелдеш старт алды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 2 күнгө созулат. Жеңиш үчүн жүздөн ашуун спортчунун кармашары күтүлүүдө.