Биз социалдык тармакта

Өлкөдө электр энергиясына жеңилдетилген тарифти кимдер төлөйт?

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Алардын саны өлкө боюнча 77 361 үй-бүлө экендигин бүгүн, 5-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айына 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50,0 тыйынды түзсө, июндан баштап 55,4 тыйынга арзандатуу каралган.

“Жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн жалпы саны 81 508. Электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер түрүндө даректүү социалдык колдоо «Үй-бүлөгө көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөк пул алган 77 361 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көрсөтүлдү. Бул 94,9 пайызды түзөт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби - ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу. Ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат”, - деп кошумчалаган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан