Жогорку Кеңеште башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлиги каралууда.
Жыйында Максат Асаналиев Башкы прокуратуранын имаратында "Манас" эпосунун жаңырышы боюнча оюн айтты.
"Кыргыз эли - улуу эл, бизди канча кылымдан бери эл кылып сактап келе жаткан улуттук каада-салтыбыз деп эсептейм. Ошол себептен бул көрүнүшкө жакшы көз караштамын", - деди ал.
Буга чейин Башкы прокуратуранын имаратында "Манас" эпосу жаңырып турары кабарланган. 31-январда өткөн маалымат жыйында ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев мунун себебин түшүндүрүп берген.
"Ар бир мамлекет өзүнүн руханий байлыгын жогору баалашы керек, жөнөкөй адамбы, мамлекеттик кызматкерби, ошону менен сугарылышы керек. "Манас" эпосубузда патриоттуулук, эрдик даңазаланган. Ошол улуттук баалуулуктар жүрөгүңө сиңсе сен ошону ойлоносуң, жумушуңда, жашооңдо колдоносуң", - деген Зулушев.