Индиядагы жалпы шайлоодо добуштардын көбү саналып, премьер-министр Нарендра Моди жетектеген партия өкмөттү түзүү үчүн зарыл болгон босогону ашып, 272 орун алды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, шайлоо комиссиясы Модинин “Бхаратия Жаната”партиясы парламенттеги 543 орундун 286сын ээлегендигин айткан.
“Партия парламенттик көпчүлүктөн ажырап калды. Ошол эле учурда шайлоо өнөктүгүнүн башталышында Моди партиянын алдына парламентте 400 орун алуу милдетин койгон”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми оппозициялык “Индия” партиясы 193 орун алып, мурунку шайлоолорго караганда жогорку баскычка чыга алган. Анын башчысы Рахула Ганди премьер-министр Модини баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө жана башка чоң демилгелеринен баш тартса болорун айтып чыккан.