Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 706 миллион сомдук чакан ГЭС курулат

Жети-Өгүз районунда Барскоон кичи ГЭСинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Барскоон капчыгайына салына турчу 7,5 мегаваттык чакан ГЭСтин наркы 706 миллион сомду түзөт. Ал эми жабдуулары Австриядан Global Gidro компаниясы аркылуу алынат.

"Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырым келген сууну буруучу канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 миллион киловатт-саатты түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта чакан ГЭСтин курулушу 2025-жылдын сентябрында бүткөрүлөрү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан