Индиянын премьер-министри отставкага кетти

Бүгүн, 5-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди президент Драупади Мурму менен жолугуп, отставкага кетүү боюнча арыз жазган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Премьер-министр Нарендра Моди бүгүн президент менен жолугуп, Министрлер кабинети менен бирге отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Президент отставканы кабыл алып, Нарендра Моди менен Министрлер кабинетинен жаңы өкмөт ишке киришкенге чейин ишин улантууну суранды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленген тартипке ылайык, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Индиянын премьер-министри жана Министрлер кабинети отставкага кетүүгө тийиш, бирок жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарышы керек.

Индияда өткөн шайлоонун жыйынтыгында Модинин "Бхаратия Жаната" партиясы парламенттеги 240 орунга ээ болду.

Ошол эле учурда Модинин партиясы жетектеген Улуттук демократиялык альянска кирген партиялардын добуштарын эске алуу менен бул саясий бирикме парламентте 292 орунга ээ болду. Бул ага жаңы өкмөттү түзүүгө мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан