3-4-июлда Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити болорун Казакстан президентинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин кеңири чөйрөсүн карашат.
"Форумга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу күтүлүүдө", - деп айтылат Акорданын билдирүүсүндө.
ШКУга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Ал эми Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу мамлекеттер катары катышат.