Биз социалдык тармакта

“Карылар жана балдар үйлөрүнө таратылат”. Сауд Арабия Кыргызстанга 25 тонна курма берди

Сауд Арабия Падышалыгы Кыргызстанга 25 тонна курма (финик) өткөрүп берди. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, финиктер карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муфтиятка жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт. Жардам берүү долбоору “Король Салман куткаруу жана гуманитардык иш-чаралар” борбору тарабынан ишке ашырылып жаткандыгы кошумчаланган.

Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова, Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам борборунун өкүлдөрү, Сауд Арабия Падышалыгынын каржы министрлигинин өкүлү Салих Альабдуллах катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан