
Эртең, 6-июнда Ош облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ош электр тармактары" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Кара-Суу РЭТ: Правда, Жаңы-Арык, Достук айылдарында.
Ош РЭТ: Ош шаарынын Калинин массивинде, Касымов, Шакиров көчөлөрүндө.