Казакстан улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген социалдык тармактарга бөгөт коёт

Мыйзамсыз контентти тараткан жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген социалдык тармактар ​​Казакстандын аймагында жарым жартылай же толугу менен жабылат. Бул тууралуу Казакстандын маданият министри Аида Балаева жергилктүү басылмаларга билдирди.

Маалымдалгандай, муну менен катар Балаева ТикТок платформасын бөгөттөө маселеси мыйзамсыз мазмундун өсүшүнө байланыштуу каралып жатканын кошумчалады.

"Мунун ичине баңгизаттарды, порнографиялык материалдарды, чоңдор жана балдар арасындагы рэкетчиликти, экстремисттик жана диний мүнөздөгү материалдарды жайылтуу кирет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан