Биз социалдык тармакта

Бүгүн түнү Кыргызстанда банк карталары иштебейт

Бүгүн, 5-июндан 6-июнга караган түнү Кыргызстанда банк карталары боюнча бардык транзакциялар жеткиликсиз болот. Бул тууралуу Банктар аралык процессинг борборунан билдиришти.

Маалымдалгандай, "ПМЦ" ЖАКсы тарабынан техникалык иштерге байланыштуу 6-июнда саат 01:00дөн 06:00гө чейин "Elkart", VISA, UPI, MasterCard карталары боюнча бардык транзакциялар, ошондой эле "Elkart Mobile" жана "Elkart Trade" тиркемелериндеги кызматтар жеткиликсиз болот.

Ага ылайык, аталган борбор келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан