Биз социалдык тармакта

Бишкекке жаңы заманбап техникалар келет  

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, мэриянын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет.

"Бишкекжашылчарба", "Тазалык", "Бишкекасфальтсервис"жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын паркын 350 бирдиктен ашык заманбап атайын техникалар толуктайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, каражат Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан