Бишкекте үйдөн чыккан өрт саат 19:03 чамасында өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу Темиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 17:10до Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.