Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Казакстанга барды. Ал жерде ЖККУ комитетинин жыйынына катышып, бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Шойгу Алматыда Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынына катышат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.