Жалал-Абад облустук администрациясынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын имараттарын жана борбордук аянтты курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан билдиришти.
Маалымдалгандай, тендер Капиталдык курулуш департаменти тарабынан жарыяланган.
Ага ылайык, курулуштардын сметалык баасы 900 миллион сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 24-июнга чейин берүү зарыл.
"Курулуш иштерин бүтүрүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 31-июлуна чейин", - деп айтылат маалыматта.