Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 6-июнда кандай аба ырайы күтүлөт?

Эртең,6-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ал эми күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөнүндө жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;

Таласта түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30

Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 градус жылыйт.

"Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 жылуу болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан