
Эмгек министрлиги иш берүүчүлөргө керектүү кадрларды табууга жардам берүүгө даяр. Буга байланыштуу ведомство иш берүүчүлөрдү активдүү кызматташууга чакырат.
Маалыматка ылайык, жумуш берүүчүлөр 1899 телефону аркылуу бош жумуш орундары боюнча билдирүү калтыра алышат, же
https://zanyatost.kg / порталына онлайн режимде билдирүү берсе болот. Ошондой эле калкты иш менен камсыз кылуунун аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат.
Министрликтен билдиришкендей, алар зарыл болгон учурда жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү акысыз курстарга талап кылынган адистиктерге окута алышат.