Бүгүн, 6-июнда түштүк кореялык актёр жана ырчы Ким Хён Жун жарык дүйнөгө келген. Ал 1986-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеулда ишкерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Бул жылы актёр 38 жашка толду. Хён Жун башталгыч мектепте окуп жүргөндө математика олимпиадаларында жана чыгармачылык сынактарда бир нече жолу баш байгелерди алган. Ошондой эле спорт менен машыгып, өз алдынча музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнгөн.
Өспүрүм кезинде ал кесипкөй ырчы болууну чечкендиктен мектепти таштап койгон. Кийин Чонвун университетинде театралдык уюштуруу адистиги боюнча билим алган. Анын талантын продюсерлик агенттиктин директору байкап калып, өзүнүн командасында ырдоону сунуштаган. Көп өтпөй ал башка кастингден өтүп, “SS501” тобуна кошулуп, анын лидери болууга жетишкен. Топ 2005-жылы дебют жасап, ошол эле жылдын аягында жылдын мыкты группасы аталган.
Ким Хён Жун Азия музыка дүйнөсүндө дагы бир нече ийгиликтерге жетишти. Ал Тайвандын популярдуу "инсан" музыкалык шоусуна чакырылган биринчи кореялык ырчы болуп калды.
2009-жылы өзүн актёр катары сынап көрүүнү чечип, тасмаларга тартыла баштаган. Биринчи жолу Кореяда тартылган “Мыкты жигиттер” мелодрамасында роль жаратып, тасмадагы ролу үчүн Сеулдагы кинофестивалда жылдын мыкты актёру деп табылган. Телесериал Түштүк Кореяда гана эмес, анын чегинен тышкары жерлерде: Европада, Америкада дагы көрсөтүлгөн.
Кимдин актёрлук карьерасы “Күлкүлүү өбүшүү" романтикалык кинокомедиясында уланган. Бирок бул тасма мурункусундай ийгиликти кайталай алган эмес. Кийинчерээк актёр "Шаарды басып алуу" боевик тасмасына жана "Кыялга берилип кеткендер", "Жаш кези" мелодрамаларына тартылган.
Чыгармачыл адамдар өзгөчө кийимдерди, образдарды каалайт эмеспи. Ырчынын музыкалык табитинен тышкары кийимдерге болгон табити дагы жакшы. Ал кинодо, сахнада гана эмес, күнүмдүк жашоодо дагы образдарды жакшы айкалыштырат. 2011-жылы ал үчүнчү жолу катары менен "Стиль сөлөкөтү" сыйлыгын алган.
Күйөрман кыздарынын жүрөк оорусу болуп келген Ким учурда бойдок. Көптөгөн маектеринде үй-бүлө курууга даяр эместигин билдирген. Ошондой эле ал 2015-жылы милдеттүү аскер кызматын өтөп, армиядан 2017-жылдын февралында кайтып келген.
6-июнга карата жылнаама.