Биз социалдык тармакта

Жогорку Сот Бактыбек Чойбековдун мандаты боюнча чечим чыгарды

Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун депутат Бактыбек Чойбеков Талас округундагы шайлоодо добуш сатып алган деген чечимин жокко чыгарды. Мындай чечим 5-июнда кабыл алынганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады.

"Жогорку Соттун 2024-жылдын 5-июнундагы токтому менен Бишкек шаарынын администрациялык сотунун 2024-жылдын 28-февралындагы аныктамасы жана Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 9-апрелиндеги аныктамасы жокко чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, 15-майда Борбордук шайлоо комиссиясы №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Бишкектин административдик соту жана Бишкек шаардык соту чыгарган чечимдерге каршы Жогорку Сотко арызданган.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыров быйыл аталган округдан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча БШКга кайрылган. Боршайком 22-февралдагы отурумунда анын арызын негизсиз деп четке каккан.

Андан соң Абдыкадыров БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту 28-февралда анын арызын канааттандырган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту 9-апрелде күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан