Депутат Абдалиев дарыгерлердин маянасынан кармалуучу социалдык төлөмдөрдү азайтууну сунуштады

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев дарыгерлердин айлык маянасынан кармалуучу социалдык төлөмдөрдүн суммасын азайтуу маселесин карап чыгууну сунуштады.

"Дарыгерлердин айлык маянасынан социалдык төлөмдөргө 23 пайызы алынат. Ушуну шартыбыз туура келсе да, келбесе да азайтып берсек", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле Абдалиев медицина тармагында насаатчылык институтун жандандыруу зарыл экенин белгилеп, жаш дарыгерлерди тажрыйбалуу дарыгерлерге бекитип, аларды окутууну сунуштады.

Жогорку Кеңеш 06.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан