Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Тажикстандагы этникалык кыргыздардан бир үй-бүлө мыкаачылык менен киши колдуу каза тапканын, маркум ата-эненин артында үч баласы томолой жетим калганын айтып чыкты.
Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, маселени көзөмөлгө алып, дыкат иликтөөгө чакырды.
"Эл аралык дипломатияны эске алып, туугандарын "тилиңерди тишиңерге катып тургула, мамлекетибиз бар" деп тыйып жатабыз. Согди облусунун Канибадам районундагы этникалык кыргыздардын айылы болгон Жийделик айылында бир үй-бүлө мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Эми аны айтпай турабыз. Туугандары кайрылып жатышат. Мен ТИМ, ИИМ бар, териштирүү иштери болот деп кармап турам. Ушул маселеге катуу көңүл буруп, териштирбесек болбойт. Үч баланын тагдыры эмне болот? Кыргызстандагы туугандары томолой жетим калган үч баланы багып алабыз деп жатышат", - деди эл өкүлү.
Талиева бул маселе эл аралык мамилеге байланыштуу болгондуктан көп нерсени ачыктай албай турганын кошумчалады.