Биз социалдык тармакта

Бүгүн Бишкектеги айрым көчөлөр өзгөчө көзөмөлгө алынат

Бүгүн, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан-Малайзия беттешинде коомдук тартипти сактоо үчүн 2600дөн ашуун милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

"Оюн башталардан бир нече саат мурун Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын Кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкерлери, борборубуздун айрым көчөлөрүн өзгөчө көзөмөлгө алат. Ал эми оюн алдында кинологиялык топтор стадионду жана анын тегерегиндеги аймактарды жардыруучу жана шектүү буюмдарды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүшөт", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Оюнга 15 миңден ашык күйөрмандардын келүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан