Биз социалдык тармакта

Футболго байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Бүгүн, 6-июнда Кыргызстан менен Малайзия курама командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу калаанын кайгуул кызматы билдирет.

Саат 14.00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:

Фрунзе көчөсү, Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Тоголок Молдо көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Бүгүн Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия курамасы менен ойнойт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт жана саат 21:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан