Биз социалдык тармакта

Депутат Ташиев Суусамырдагы тикенек менен күрөшүүнүн 3 жолун атады

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шаирбек Ташиев Суусамыр жайлоосун каптап жаткан тикенек менен күрөшүүнүн 3 жолун атады.

"Практика боюнча 3 жолу бар экен, химиялык, биологиялык, механикалык. Химиялык жолдун башка өсүмдүктөргө жана жаныбарларга зыяны тийип калат экен. Биологиялык болгондо кайра бул тикенектерди басып өтө турган башка өсүмдүктөрдү өстүрүш дагы кыйын. Бир гана жолу механикалык жол. Тикенекти казып алып, аны кайрадан өрттөш керек экен", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев аталган көйгөйдү чечиш үчүн каражат керек экенин белгилеп, Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Айыл чарба министрлигине чет жактардан грант тартууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан