"Кечирдим". Словакиянын премьери Роберт Фицо аны аткан жаран боюнча билдирүү жасады

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо ага кол салган кылымышкерди кечиргендигин айтып, окуядан кийинки алгачкы билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, учурда ал Братиславадагы ооруканада амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Июль айларында ишке чыгып, өз кызматтык милдетин уланта турганын кошумчалаган.

“Мен өзүм биринчи кадамды таштап кылмышкерди кечирдим. Ага юридикалык аракет кылып, же компенсация төлөтүү ниетим жок. Бул ишке ал жалгыз барган эмес. Мен ага кылган иш-аракетине өзү баа берүүсүнө мүмкүнчүлүк берем”, - деп калтырган билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 15-майда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болуп, аны аткан жаран кармалган. Полициянын маалыматы боюнча, ок аткан адам 71 жаштагы Левице шаарынын тургуну, белгилүү словакиялык жазуучу Юрай Чинтула болгон. Ал негизги ишмердүүлүгүнөн тышкары өлкөнүн либералдык партиясынын активисти экендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан