"Метродон дагы арзан". Балбак Түлөбаев Бишкекке монорельс курууну сунуштады

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаарына монорельс курууну сунуштады.

Анын айтымында, шаардагы тыгын кичи автобустарды алып, жаңы автобустарды сатып алуу менен чечилбейт.

"Азыркы алып келип жаткан автобустар Бишкектеги тыгынды чечпейт, тыгын жаратат. Бир автобустун узундугу 12 метр. Аялдамага 3 автобус токтогондо 36 метрди каякка алып барасыңар? Маршруткаларды алып коюу менен көйгөй чечилбейт. Монорельс куруш керек, бул метродон дагы арзан. 80 миллион долларга миң автобус алып келдиңер, дагы миң автобус алып келебиз деп жатасыңар. Ошондо 2 миң автобусуңар 160 миллион доллар болот. Монорельсти 150 миллион долларга курмакпыз", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш 06.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан