Төрага Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Өз кезегинде Алиев Шакиевди жылуу кабыл алып, бул расмий сапар байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан