Москвада белгисиз адам 34 жаштагы скейтерди автомат менен атып, качып кетти. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, кара кийимчен адам спортчуну артынан кубалап аткылаган. Ага ок тийгенден кийин ал жанына барып, башка дагы аткан. Андан кийин киши өлтүргүч белгисиз тарапка качып кеткен.
Ал аткан 34 жаштагы профессионал скейтер Константин Балишанский окуя болгон жерден каза болгон.
Полициянын алдын ала маалыматына ылайык, бул киши өлтүрүү буйрук менен жасалган.
Кийинчерээк полиция киши өлтүргүчтүн жүргөн жерин таап, аны кармоо аракетин көргөндө ал каршылык көрсөткөн. Атышуу учурунда ал башынан жаракат алды. Учурда өмүр менен өлүмдүн ортосунда.