"Акылбек Жапаров муну билбейт". Депутат Токтошев Кара-Кулжадагы аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууну суранды

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев 2020-жылы араб фонддорунун эсебинен бүткөрүлгөн Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылындагы 150 орундуу мектеп азыркы күнгө чейин ишке берилбей жатканын айтты.

"Бирок алар жылытуу системасы менен эмерегин койбоптур. Ошонун айынан 4 жылдан бери окуучулар кире албай жатат. Акылбек Жапаровго кайрылып коёюн, ал киши муну билбейт. Быйыл да бүтчүдөй эмес. Эмне үчүн төрт жылдан бери жаңы мектепке кире албайбыз? Быйыл окуучулар кирип окугудай кылып сөзсүз шарт түзүп берели", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле Токтошев бул багытта өз ишине кайдыгер мамиле жасаган тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароону суранды.

Жогорку Кеңеш 06.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан