"Туулган күнүм театрда уланууда". Актриса Альбина Имашова 41 жашка толду

Бүгүн, 6-июнда тасмалардын, театрдын жылдызы Альбина Имашова туулган. Ал бул жылы 41 жашка толду. Бүгүнкү туулган күнү менен SUPER.KG порталы куттуктап байланышка чыкканда туулган күнү театрда уланып жатканын айтып өттү.

"Туулган күнүмдү биринчилерден болуп үй-бүлөм куттуктап, өздөрүнүн сонун белектерин беришти. Мен негизи туулган күнүмдө ар дайым жумушта болуп калам. Бүгүн дагы театрдамын, кыздар менен чай ичип, каалоо-тилектерин, куттуктоолорун уктум", - деди Имашова.

Альбина Имашова 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 80 жылдык юбилейинде Альбина Имашова 1-жолу сахнага чыккан.

Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы. Кыргыз тасмаларынын көркүн ачкан актриса тасмаларда мыкты ролдорду жаратып, бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

Альбина Имашова 2018-2019-жылдары "Жылдын супер актрисасы" наамына ээ болгон.

Актриса айым көптөгөн тасмаларда: "Беш кемпир", "Той", "Тенгри", "Көпөлөк", "Мегатой", "Баарын кайрадан баштайлы", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Такебай", "Мегатой-2" жана башка бир топ кинодо роль жараткан.

Имашова 2004-жылы актёр Арнис Кыдырмышевге турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн учурда Мадалена, Арууке жана Асман аттуу 3 кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан