Кыргызстанда Ozonдун буйрутмаларын берүү пунктун кантип ачса болот? Ишкер үчүн чек-тизме

Маркетплейстер сооданы абдан кызытат, алардын барган сайын кеңири тамыр жайышынын сыры дал ушунда. Онлайн платформада саналуу мүнөттөрдө каалаган товарды оңой эле таап, бир нече вариантты салыштырып чыгып, мүмкүн болушунча жакшы баада сатып алып, буйрутманы ыңгайлуу жол менен алдыртса болот. Мындай аянтчаларда жүз миңдеген ишкерлер өз бизнесин өнүктүрүп жатышат. Эч нерсе өндүрбөсөңүз да, сатпасаңыз да, бул аянтчада кирешелүү бизнести баштай аласыз, мисалы, буйрутмаларды берүү пунктун ачсаңыз болот. Бул ийгиликтүү бренддин бир бөлүгү болгусу келген Ozonдун келечектеги өнөктөштөрү эмнелерди билиши керектиги жөнүндө айтып берели.


Ozon – КМШ мейкиндигиндеги ири маркетплейстердин бири. 2023-жылы эле анын жүгүртүүсү 2,5 эсе, ал эми сатып алуучулардын саны үч эсе көбөйдү. Сатып алуучуларга буйрутмаларды жеткирүүнүн ар кандай варианттары сунушталганы менен, статистика көрсөткөндөй, он адамдын ичинен сегизи товарды буйрутмаларды берүү пункттарынан алып кетет.

Кайсы гана өлкөгө келбесин, бул компания ар биринде биринчи кезекте логистикалык тармакты жигердүү өнүктүрө баштайт. Кыргызстанда да буйрутмаларды берүү пункттарынын саны тездик менен көбөйүүдө. Ошол эле учурда эркин аймактар дагы эле көп, ошондуктан азыр бул чөйрөдө бизнесиңизди баштоо үчүн эң жакшы мезгил болуп турат.


Кимдер Ozonдун франчайзи-өнөктөшү боло алышат?

Маркетплейс менен кызматташуу үчүн жеке ишкер же юридикалык жак статусуна ээ болуу зарыл. Эгерде мындай статус жок болсо, анда каттоодон өтүшүңүз керек. Бул тез эле жасалат, эң негизгиси ылайыктуу форманы тандап алуу зарыл. Жеке ишкердин негизги артыкчылыгы – жөнөкөйлөтүлгөн отчеттуулук жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок жалданган кызматкерлердин саны жана көлөмү боюнча чектөөлөр да бар экенин унутпаңыз. Башка варианттар ири бизнес үчүн ылайыктуу болот, себеби аларда мындай чектөөлөр жок. Анткен менен мындай учурда документ жүгүртүү кыйыныраак болот.

Имарат издеп, франшиза келишимине кол коёбуз

Өтүнмөнү тариздегенден кийин ылайыктуу имаратты тандоо процесси башталат. Ишкер атайын тиркемеде же анын веб-версиясында каттоодон өтөт. Бул жерде багыт берүүчү карта бар, ал ошол замат ылайыктуу жерлерди көрсөтүп, болжолдуу эсебин чыгарат – ачылгандан кийин ай сайын кандай киреше табууга болоорун санап берет.

Ижарага берилчү даяр жайды таап, анын координаттарын тиркемедеги багыт берүүчү карта менен салыштырып, өтүнмөнү берип, локацияны макулдашып, андан кийин гана келишимдерге – Ozon менен агенттик келишимге, андан соң ижара келишимине кол коюлат.

Ижарага алынчу жай бир катар талаптарга жооп бериши керек:

аянты 25 чарчы метрден көбүрөөк болууга тийиш,

биринчи кабатта орун алышы керек,

кире турган өзүнчө эшиги болушу керек,

пункттун дареги трафикти түзүүчү объектилердин жанында орун алууга тийиш (турак жайлардын, дүкөндөрдүн, бала бакчалардын, соода жана бизнес борборлорунун жанында).

Бизнести ишке киргизүүгө даярдык

Ылайыктуу имаратты таап, келишимди түзгөндөн кийин косметикалык ремонтту баштасаңыз болот. Ишти пландоого Ozonдун брендбуктагы сунуштамалары жардам берет. Ошондой эле аймактык менеджерге да кеңеш сурап кайрыла аласыз. Мындан тышкары, эмеректерди жана жабдууларды сатып алыш керек: штрих-коддордун сканери, Интернетке кошулган компьютер жана принтер керек болот. Көрнөк жана маркетинг материалдары менен компания камсыз кылат.

Кийинки кадам – кызматкерлерди тандап алуу. Ozonдун буйрутмаларды берүү пункттарында иштөө графиги бирдей — саат 09:00дөн 21:00гө чейин, түшкү тыныгуу жана дем алыш күндөрү болбойт. Ишти жаңы баштаган маалда жалгыз өзүңүз эч нерсеге үлгүрбөйсүз. Жалданган кызматкерлер же жок дегенде жардамга келе калчу үй-бүлө мүчөлөрү керек. Кызматкерлерди эки жуманын ичинде таап, үйрөтсө болот, мында да маркетплейс жардамга келет. Негизинен тиркеме менен иштөө көндүмдөрүн үйрөнүп алыш керек. Тиркеме товарларды кампага жайгаштырууга жана ал жактан табууга, кабыл алууга, кайтарууга жана башка операцияларды жасоого үйрөтөт.

Эреже катары жаңы пункттун ачылышына болгону эки апта кетет.

Биринчи кардарларды кантип издеп, акча таба баштаса болот?

Ремонт бүткөндөн кийин аймактык менеджер пунктту ачууну макулдашып, ошондон кийин буйрутмаларды берүү пункту бардык карталарда пайда болот. Бул этапта өзөктүк учур – Ozonдон керектүү нерселердин бардыгын сатып алып, мындан ары сизден алса болот деген маалыматты адамдарга жеткирүү зарыл. Ozon кардарларга эми алардын жанында буйрутмаларды берчү пункт ачылганы тууралуу билдирүүлөрдү өзү жөнөтөт, бирок жарнама берсеңиз да бул ашыкча болбойт. Ал эми пунктту таанытууга кеткен чыгымдар кепилденген колдоо программасынын жардамы менен сизге кайтарылат. Кыргызстандык ишкерлер пунктту ишке киргизгенден кийин жарым жылда эле 280 000 сомго чейин таба алышат. Бир шарт бар – пункт бери дегенде тогуз ай иштеши керек, ошондо акчаны кайтарып берүүнүн кажети болбойт.

Буйрутмаларды берүү пунктунан түшкөн кирешенин негизги беренеси – жүгүртүүдөн 3,7% түзөт. Ошондой эле Ozonдо жана башка логистикалык компанияларда иштеген сатуучулардан товарларды кабыл алуу менен кошумча акча табууга да мүмкүнчүлүк бар. Өсүш чекиттерин аныктоого аянтча жардам берет – ай сайын өнүгүүгө сереп жасалып, кеңештер берилет. Мунун баары ишкерлер үчүн тиркемеде жеткиликтүү.

Буйрутмаларды берүү пунктун ачуу – бул жөнөкөй жана түшүнүктүү бизнес, ал маркетплейсте бир нерсени сатып жүргөндөргө да, эч нерсе өндүрбөгөндөргө да, жеткирбегендерге да туура келет. Ийгиликтин сыры – туура пландоо, ойлонуп жасалган мамиле жана адамдар менен иштеше билүү жөндөмү. Ozonдун буйрутмаларды берүү пункттарынын үчтөн экисинин ээлери бирден ашык пунктту ачып жатышат, ошондой эле жүздөгөн пункттарды ачкандар да бар. Толук маалымат алып, Ozon менен бизнести баштоо үчүн сайтыбызга баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан