Шакиев ТүркПАнын алкагында парламенттер аралык адистешкен топ түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйында төрага аталган парламенттик ассамблея эл аралык уюмдардын арасында өзүнүн татыктуу ордун таап, абройлуу уюмга айланганын айтты.

"Биздин жалпы максатыбыз – Түрк дүйнөсүн саясий, экономикалык, маданий жактан интеграциялоо жана бул багытта пайда болгон ар кандай мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу болуп саналат. Себеби азыркы дүйнөдөгү абал боордош мамлекеттерге да таасирин тийгизбей койбойт. Андыктан биз биргелешип иш алып барып, мыйзамдарды шайкеш келтирүү багытында тыгыз кызматташуубуз кажет.

Албетте, ар бир ишти дасыккан адистер гана жасашы керек. Ошондуктан мен ТүркПАнын алкагында бирдиктүү мыйзам актыларынын үстүнөн туруктуу иштей турган парламенттер аралык адистешкен топ түзүүнү сунуштайм. Бул демилге өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө багытталган ар кандай мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюуга өбөлгө түзөрү анык”, - деди Шакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан