Биз социалдык тармакта

Ошто мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ошто Мамкурулуш агенттиги тарабынан мыйзамсыз курулуштарга карата текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган мекемеден билдиришти.

Маалымдалгандай, анда Ош шаарынын Кулатов көчөсүнүн №2 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын арыздарынын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

"Көп кабаттуу үйдүн чыгыш тарабындагы жеке менчик жер тилкесинде өз билемдик менен курулган курулуштарга мыйзам чегинде текшерүү иштери жүргүзүлүп, ээсине айып пул салынган жана өз эсебинен бузуусу тууралуу эскертме жазуу берилген", - деп айтылат маалыматта.

Эскертмеге ылайык, курулуш ээси өз эсебинен буздурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан